Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде билим берүү кызматкерлеринин арасында “Ден-соолук-2019” спартакиадасы өткөрүлдү

2019-жылдын 16-февраль күнү Ноокен  районунун  Масы  айылындагы Масы спорт клубунун  залында  жана  №2   С.Ногоева  атындагы  орто  мектебинин  базасында билим берүү  кызматкерлеринин  “Ден-Соолук-2019”  спартакиадасы спорттун  волейбол, шахмат, стол  тенниси  жана  тогуз  коргоол   түрлөрү боюнча  9  айыл  аймактын  курама   командаларынан 300 дөн ашуун  билим берүү кызматкерлеринин  катышуусунда өткөрүлдү.

Спартакиаданынын  ачылышына Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн  башчысы  Б.Козуев, Билим берүү жана  илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов  жана райондогу ардагер дене-тарбия мугалимдери келип  катышышып,  куттуктоо  сөздөрүн айтышты жана спартакиаданын катышуучуларына ийгилик каалашты.  Спартакиаданы өткөрүү үчүн Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитети  тарабынан акча каражаты бөлүнүп берилди. Спартакиада  атаандаштыкта  өтүп, 1-орунду Кочкор-Ата шаары, 2-орунду Шайдан айыл аймагы, жана 3-орунду Сакалды айылынын  курама  командалары  ээлешти.  

Жеңүүчүлөр кубок, дипломдор жана  акчалай сыйлыктар  менен сыйланышты.

 

 

Материалды  даярдаган: 

Ноокен рай КБКнын инспектору

Т.Бакиров