Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде балдардын жайкы эс алуусу уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2018-жыл 5-июнундагы № 201-б, Ноокен райондук администрациясынын 2018-жылдын 6-июнундагы № 91-б буйругунун негизинде, Ноокен райондук билим берүү бөлүмү, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин биргелешкен Коллегиясынын 23.05.2018-жыл № 7 токтомун жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы, Ноокен райондук билим берүү бөлүмү, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин ортосунда түзүлгөн Макулдашууларды ишке ашыруу максатында жаш өспүрүмдөрдүн жайкы эс алуусун уюшкандыкта жүргүзүлүүдө. Ата-энелердин кайрылуулары жана сунуштарынын негизинде “Арстанбап” пансионатындагы “Жеткинчек” лагерине 225 бала жана “Артанбап –Ата” тур базасына 116 бала эки агым менен жалпы 350 жаш өспүрүмдөрдүн эс алуулары ата-энелердин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен уюштурулду. Андан сырткары Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин каражаты менен  34 билим берүү кызматкерлеринин балдары “Зорька” эс алуу лагерине  жөнөтүлдү.

Материалды даярдаган:

Ноокен рай КБКнын инспектору

Т . Бакиров