Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокенде август кеңешмеси болуп өттү

2022-жылдын 26-августунда Ноокен райондук билим берүү бөлүмү тарабынан "Билим берүүнүн экосистемасы, бирдей жарандык жана зордук-зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо-коомдун туруктуу өнүгүүсү катары" темасында педагогикалык кызматкерлердин август конференциясы болуп өттү.

Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө мектеп жана бала бакчалар тарабынан балдардын кол өнөрчүлүгү жана мугалимдердин көргөзмө куралдарынын жарманкеси уюштурулду.

Иш-чарага Ноокен райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Т.Ишенбеков, социалдык маселелер боюнча орун басары З.Юлдашева, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышанов, ошондой эле айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, ардагер жана жаш мугалимдер, жалпысынан алганда 300 адам катышты.

Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышанов өткөн окуу жылындагы аткарылган иштер, жетишкен ийгиликтер, балдардын жана мугалимдердин жайкы эс алуусунун уюштурулушу жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле өз сөзүндө 2021-2022-окуу жылында кесиптик чыгармачылыкты өркүндөтүү  жана иш тажрыйбаларды жайылтуу  максатында өткөрүлгөн “Жыл мектеби-2022” жана “Жыл бакчасы-2022” кароо-сынактарынын жеңүүчүлөрүн куттуктады.

Алдынкы  жамааттарга жана ардагер мугалимдерге Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин дипломдору жана баалуу белектери тапшырылды.

Мугалимдердин педагогикалык кеңешмесин уюштурууга жакындан көмөк көрсөткөн Момбеков айыл өкмөтүнө, Момбеков айыл өкмөтүндөгү мектептердин жана бакчалардын  жалпы эмгек жамаатына ыраазычылык билдиребиз.

№22 “Гулкайыр”, №16 “Наристе”, №49 “Таштак”, №46 “Гулзар”, №21 “Кызгалдак” балдар бакчаларынын тарбиялануучуларынын чакан концерттик номерлери тартууланды.

 

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райКБКнын инспектору Т.Бакиров