Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен районундагы Мугалимдердин август конференциясы

2014-жылдын 29-август күнү Ноокен районунда билим берүү кызматкерлеринин «Педагогикалык мүмкүнчүлүктөрдүн өнүгүүсү–билим берүү системасынын өнүгүүсүнүн негизги факторлору» темасында август конференциясы болуп өттү. Жылдагыдан өзгөчөлөнүп бул жылы конференция тегерек стол тибинде өттү. Тегерек столго райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.К.Осмонов, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор А.Эшиев, Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борборунун өкүлү Г.Ишатова, райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы А.Токтогулов, эл депутаттарынын кошмо жыйынынын төрагасы К.Өскөнбаев,  райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Козуев, кесиптик бирдик комитетинин төрагасы А.Айдаров, айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештин депутаттары, мектептердин, бакчалардын директорлору жана мугалимдер, тарбиячылар, профкомдор, окуу бөлүм башчылары, организаторлор, соц педагогдор катышты.

 

         Тегерек столдо билим берүүнү жакшыртуу, балдардын тарбиясы жана мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана “Мугалимдин статусу” Мыйзамынын аткарылышы, алдыдагы аткарылуучу стратегиялык пландар жана аларды ишке ашыруу боюнча талкуу жүрүп, тегерек столдун жыйынтыгы менен билим берүү кызматкерлеринин кайрылуусу кабыл алынды.

 

Райондук БББнүн пресс-катчысы    Улан УМЕТОВ