Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен районундагы 1-июнь «Балдарды коргоо» күнү

Ноокен районунда 1-июнь «Балдарды коргоо» күнү 2-бөлүктө өткөрүлдү. 1-бөлүгү борбордук эс алуу паркында концерттик программа тартуулоо менен башталды. Быйылкы өткөрүлгөн иш чара №38-А.Тургунбаев атындагы орто мектебинин комузчулар ансамбли, №8-Орозматов атындагы орто мектебинин окуучулары тарабынан “Улуу Манас – Ата Журттун тиреги” темасындагы адабий-музыкалык компазициясы, №16-Турусбеков орто мектебинин окуучусу Медетбек уулу Бабаш “Нурсейит жана Акбаланын дастанын” айтуусу жана Масы балдар чыгармачыл үйүнүн окуучуларынын музыкалык аспаптарда эркин ойноосу, ошондой эле окуучулардын театралдаштырылган көрүнүштөрдү мыкты аткаруусу менен өзгөчөлөндү.

Иш чаранын 2-бөлүгү борбордук аянтка сүрөт тартуу жана спорттук мелдештерди өткөрүү менен коштолду. Тартылган сүрөттөр жана спорттук мелдештер калыстар тобу тарабынан бааланып, сыйлыктар тапшырылды.

Жыйынтыгында иш-чаранын жеңүүчүлөрүнө Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн 1-2-3- даражадагы дипломдору ыйгарылды.

Сүрөтчүлөрдүн конкурсунан бир көрүнүш.

Спорттун шашки түрү боюнча өткөрүлгөн мелдеш

Райондун жетекчилеринин куттуктоосу.

“Жаш талант” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнүн концертттик программасы

№8-Орозматов атындагы орто мектебинин окуучулары “Улуу Манас – Ата Журттун тиреги”

кароо-сынагынын областтык турунда 2-орунду ээлеген 

Ноокен райБББнүн пресс-катчысы:                           УЛАН Уметов