Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен районунда “Жылдын мыкты тарбиячысы – 2014” кароо-сынагы болуп өттү

 

Ноокен районундагы бала бакчалардын тарбиячылары арасында билим берүүнүн, тарбиялоонун потенциалдык мүмкүнчүлүктөрүн ачуу, эң мыкты, таланттуу, чыгармачылык менен иштеген тарбиячыларды табуу, аларга колдоо көрсөтүү, тарбиячылардын коомдогу кесиптик беделин көтөрүү максатында “Жылдын мыкты тарбиячысы – 2014” кароо сынагы болуп өттү. Районубуздагы 29 балдар бакчанын баардык тарбиячылары конкурстун 1-этабына катышып, 2-турга 6 тарбиячы катышуу укугуна ээ болгон. Кароо-сынактын 2-туру №13 Наргиз балдар бакчасында 20-май күнү өттү. Конкурска райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Н.А.Бегжигитова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.С.Козуев, райондук кесиптик бирдик комитетинин төрагасы А.Ч.Айдаров, райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери, бакча жетекчилер жана катышуучулардын колдоочулары катышышты.

         Конкурстун бул этабында катышуучулар балдарга сабак өтүү, чыгармачылык отчету, эң мыкты көргөзмө курал даярдоо, жактоо жана башка тапшырмалар боюнча өздөрүнүн таланттарын көрсөтүшүп, калыстар тобу тарабынан бааланып, төмөндөгүдөй орундарга ээ болушту.

1-орун №1 “Ак-Кайың” балдар бакчасынын тарбиячысы         - Усенова Булкан

2-орун №2 “Ак-Куу” балдар бакчасынын тарбиячысы    - Турапова Шоира

3-орун №12 “Ак-Марал” балдар бакчасынын тарбиячысы       - Маматалиева Бактыгүлдөр ээ болушту.

Жеңүүчүлөр райондук билим берүү бөлүмүнүн жана кесиптик бирдик комитетинин “Ардак грамотасы” жана баалуу белектер менен сыйланышты.

 

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн пресс-катчысы:                УЛАН Уметов.