Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен районунда «Жайкы эс алуу - 2013»

КР  Билим  берүү  жана илим министрлигинин «Балдарды жана өспүрүмдөрдү  2013-жылда  жайкы  эс алуусун уюштуруу жөнүндө». №275 /1 21-май 2013-жыл, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын №01/13 31-май 2013-жыл буйруктарын жана 20-май 2013-жылда биргелешкен кеңешмеде бекитилген иш чараларды ишке ашыруу үчүн райондук  билим  берүү  болүмү  менен райондук комитеттин «Балдарды жана өспүрүмдөрдү 2013-жылда жайкы эс алуусун уюштуруу жөнүндө» 2013-жылдын 17-июнунда №79 жана №8 биргелешкен буйругу менен конкреттүү  иштер  жүргүзүлдү.

  1. Кыргызнефтегаз ААКнын Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында жайгашкан «Зорька» эс алуу жайында 2-июлдан 1-агымда 200 бала, 20-июлдан 2-агымда 200 баланын эс алуусу уюштурулду. 3-агымда 200 баланын эс алуусу пландаштырылган. Райондогу колдоого муктаж болгон 10 бала 2-агымда эс алууда.
  2. Агрооноржай профсоюзунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында  жайгашкан  райондор аралык «Достук» эс алуу жайында 2-июлдан 1-агымда 55 бала эс алды, 2-агымда 55 баланын эс алуусу пландаштырылган.
  3. Мүмкүнчүлүгү  бар болгон  үй-бүлөлоөдүн ата-энелеринин суроолору боюнча өздөрүнүн каражаттары менен Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында жайгашкан «Арстанбап» пансионатында 80 баланын эс алуусу уюштурулду.
  4. Ноокен районунун «Тоскоол-Ата» токой-чарбасында жайгашкан «Алаш-Ата» эс алуу жайында 10-июлдан 1-агымда 100 баланын эс алуусу уюштурулду. 25-июлдан 2-агымда 100 баланын эс алуусу пландаштырылган.
  5. Ноокен районунда мектептерде күндүзгү лагерлер 2 агым менен уюштурулуп, 1000 ден ашык балдардын мектептерде эс алуусу уюштурулду. Күндүзгү лагерлерде демөөрчүлөр тарабынан шашке чайлар жана кызыктуу иш чаралар, экскурциялар уюштурулду.
  6. 2012-2013-окуу жылынын жыйынтыктары боюнча 15-20-июнь күндөрүндө мелдештерге катышкан 120 мугалим Базар-Коргон районунда жайгашкан «Арстанбап» пансионатында, 25-26-июнь күндөрүндө мелдештерде үчүнчү орунду ээлеген 17 мугалим Аксы районунда жайгашкан Сары-Челек эс алуу жайында, 4-7-июл күндөрү мелдештерде экинчи орунду ээлеген 17 мугалим Ош областынын Озгон районунда жайгашкан Кара-Шоро эс алуу жайында, 14-18-июль күндөрүндө мелдештерде биринчи орунду ээлеген 15 мугалим Ысык-Кол областынын Ысык-Кол районундагы Бостери айылындагы эс алуу жайында ден-соолуктарын  бекемдеп эс алып келишти.
  7. Жааматтардын суроолору боюнча Арстанбап пансионатында 22 жааматтан 342 мугалим, «Арстанбап-Ата» турбазасында 5 жааматтан 62 мугалимдер эс алышты.
  8. Райондук комитеттин бюджетинен алынган жолдонмо менен  Жалал-Абад санаториясында 10 мугалим, облустук комитеттен берилген жолдномолор менен 9 мугалим санаторияларда ден соолуктарын бекемдешти.

 

Эс алуу боюнча иш чаралар улантылууда.

 

Мугалимдердин жана балдардын эс алуусуна жакшы шарттарды түзүп жаткан Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын торагасы Асылбек Токтогуловко, Жалал-Абад облсовпрофтун төрагасы Закир Жусмаматовко, райондук билим беруу тармагынын жетекчилигине жалпы эс алган мугалимдердин, тарбиячылардын атынан ыразычылык билдиребиз жана иштерине ийгиликтер, бекем ден-соолук каалайбыз.

Алаш-Ата лагеринин ачылышында облустук жана райондук жетекчилер.

Лагердин ачылыш салтанаты Ноокендеги районунда уюштурулган  кундузгу лагерлер.

Ноокендиктер Сары-Челекте

Ноокендиктер Кара-Шородо

Ноокендиктер Ысык-Колдо

Ысык-Колдо эс алган, №1 Ж.Боконбаев атындагы орто мектебинин информатика мугалими, «Жыл мугалими- 2013» райондук кароосунун женуучусу Замирбек Орунбаев.