Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен районунда балдардын жана өспүрмдөрдүн 2014-жылда жайкы эс алууну уюштурулушу

 

Ноокен районунун билим берүү бөлүмүнүн коллегиясы жана билим, илим профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин президиумунун биргелешкен кеңешмесинин 21-май, 2014-жылдагы №10/1 жана №5/1 “Балдарды жана билим берүү кызматкерлеринин жайкы эс алуусун уюштуруу жөнүндөгү” токтомунун жана Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн 3-июнь, 2014-жылдагы №171/1 биргелешкен буйруктарынын негизинде иштер жүргүзүлүүдө.

 

Балдардын эс алуусу боюнча төмөнкүдөй пландаштырылган.

 

  • “Зорька” эс алуу жайында                               -        600 бала
  • “Алаш-Ата” эс алуу жайында                          -        300 бала
  • “Арстанбап” пансионатында                                     -        200 бала
  • Мектептин алдындагы күндүзгү лагерде                  -        3 000 бала
  • Башка эс алуу жайларда                                  -        60 бала
  • Бир күндүк экскурциялык эс алууларда                  -        18 542 бала
  • Жайлоолордо                                                    -        22 148 бала
  • Шаарларда                                                                 -        18 431 бала

 

 

Билим берүү кызматкерлердин эс алуусу

         2682 профсоюздун мүчөлөрүнөн курорттордо, санаторияларда пансионаттарда, эс алуу жайларында, эксркуциялык эс алуулар менен 1490 билим берүү кызматкерлеринин жайкы эс алуусу пландаштырылган.

 

         Бүгүнкү күндө мектептерде төрт агым менен күндүзгү лагерлер уюштурулуп, 2 агымда 1185 окуучулардын эс алуулары уюштурулду. Эс алуу лагерлеринде демөөрчүлөрдүн каражаты менен шашке чай, экскурциялар уюштурулуп, кызыктуу иш чаралар өткөрүлүүдө.

         Өзгөчо №31 Татыкулов атындагы, №8 Орозматов атындагы, №16 Турусбеков атындагы, №2 С.Ногоева, №44 Акчабаев, №10 Абдразаков атындагы орто мектептерде күндүзгү лагерлер жогорку деңгээлде уюштурулду.

         Күндүзгү лагерлердин 3-4 агымдары 6-июлга чейин улантылып, 7-июлда жыйынтыктары чыгарылат.

 

 

 

 

 

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн пресс-катчысы: Улан УМЕТОВ