Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен районунунда мектеп алдындагы күндүзгү лагерлерде балдардын жайкы эс алуусу уюштурулду

Ноокен районунун билим берүү бөлүмүнүн коллегиясы жана билим, илим профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин президиумунун биргелешкен кеңешмесинин “Балдарды жана билим берүү кызматкерлеринин жайкы эс алуусун уюштуруу жөнүндөгү” токтомунун жана Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн  биргелешкен буйруктарынын негизинде иштер жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө райондогу 53 мектептерде эки агым менен күндүзгү лагерлер уюштурулуп, 4-июндан 15-июнга чейин 4 221 окуучунун эс алуулары уюштурулат. Мектеп алдындагы күндүзгү эс алуу лагерлеринде мектеп администрациясы,  демөөрчүлөр, ата-энелер  менен сүйлөшүлүп шашке чай, экскурциялар уюштурулуп,  ар түрдүү спорттук оюндар, жомоктор, фильмдер коюлуп балдардын эс алуулары көнүлдүү өтүүсүнө шарттар түзүлдү.

 

          Материалды даярдаган

Ноокен рай КБКнын тескөөчүсү Т. Бакиров