Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүндө 2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү” жылына карата өткөрүлгөн иш чара.

Мугалимдердин жана бала бакчанын тарбиячыларынын иштөө шарттарын жакшыртуу, керектүү нерселер менен бүгүнкү талапка ылайык камсыз кылуу максатында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жакшы иш алып барууда. Үч тараптуу келишимдин аткарылышынын негизинде Шайдан айыл өкмөтүндө мектептин жана балдар бакчаларынын кесиптик уюмдун төрайымдары менен 2018-жыл 29-май күнү “тегерек стол” өткөрүлдү. Тегерек столдо окуу жылынын жыйынтыгы менен көп иштер талкууланды, алгылыктуу иштер аткарылгандыгы белгиленди. Айыл өкмөттүн башчысы Ш. Алыкулов 9 мектеп, 4 бакчанын жетекчилери менен биргеликте иш алып баруу боюнча баарлашты.

Маалыматты даярдаган:

№31 Ж.Татыкулов атындагы билим

берүү комплексинин

кесиптик уюмдун төрайымы: А.Сагынбаева.

Шайдан айыл өкмөтүндө кесиптик уюмдун төрайымдары

Үч тараптуу келишимдердин аткарылышы боюнча тегерек столдогу баарлашуу

Шайдан А/Ө башчысы Ш. Алыкулов кесиптик уюмдун төрайымдары менен

№31 Ж. Татыкулов билим берүү комплексинин кесиптик уюмдун төрайымы мектептин көйгөйлөрү үстүндө иштөөдө

Тегерек столдон кийин

Үч тараптуу келишимди бекитүү учурунан фрагмент