Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен районунун билим берүү тармагы оор жоготууга учурады

Ноокен районунун билим берүү тармагы оор жоготууга учурады

 

 

Сатарова Розухан Батырбековна 1961-жылы 2-январь күнү Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областына караштуу Ноокен районундагы Рахманжан колхозунда колхозчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген .

1961-жылы №9 Наукент атындагы орто мектебине 1-класска кабыл алынган. Орто мектепти 1979-жылы ийгиликтүү аяктаган. Алгач колхоздо калып бир жыл колхоз иштеринде иштеген. Ошол эле жылы секратарь-машинист курсун Кочкор-Ата шаарчасынан бүтүргөн.

1980-жылы Ош Мамлекеттик Педагогикалык Институтунун педагогика факультетине кирген, аталган окуу жайды 1984-жылы ийгиликтүү аяктаган. Алгач эмгек жолун №1 Ленин–Жол орто мектебинде башталгыч класс мугалими катарында эмгектенип баштаган.

Андан соң №8 Т. Орозматов орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы, Ноокен райОНОсунда методист болуп иштеген. 1996-жылы №37 Токтоболот атындагы орто мектебине башталгыч класс мугалими болуп, 1998-2006-жылдары аталган мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

2017-2019-жылдары №39 “Жетиген” кыска мөөнөттүү балдар бакчасынын директору болуп эмгектенген. Ден соолугуна байланыштуу 2018-жылдын 1-сентябрынан өз арызынын негизинеде жетекчилик ишин тапшырган. 2019-жылы кайрадан №39 “Жетиген” балдар бакчасынын директору болупдайындалган, ошону менен бирге №37 Токтоболот атындагы орто мектебинде башталгыч класс мугалими катарында эмгектенди. Сатарова Розухан Батырбековна бир уул, үч кыздын энеси.

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары менен сыйланган жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин “Агартуунун отличниги” төш белгисинин ээси.

Сатарова Розухан Батырбековна 2020-жылдын 25-июль күнү 59 жаш курагында дүйнө салды .