Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

НООКЕН РАЙОНУНУН БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНДЕ ЖАШЫЛДАНДЫРУУ – КӨРКТӨНДҮРҮҮНҮН 3 АЙЛЫГЫНЫН АЛКАГЫНДА ИШТЕР ЖҮРҮП ЖАТАТ

 Ноокен районунун мектептеринде жана балдар бакчаларында  2018-жыл – Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

 Айлана- чөйрөнүн  санитардык абалын  жакшыртуу  максатында   ишембиликтер  уюштурулуп,  бак-дарактар буталып, түптөрү акталып,  арыктар  тазаланды.  Билим  берүүчү  мекемелерди  көрктөндүрүү жана жашылдандыруу  максатында  мөмөлүү  жана  мөмөсүз дарактардын  көчөттөрү, ар  түрдүү  гүлдөр  отургузулду.  

       Ноокен районунун жалпы билим берүү мекемелеринде  айлана чөйрөнүн  санитардык  абалын  жакшыртуу  максатында  «Тазалык  -  бул  жашоо   булагы»   акциялары  өткөрүлдү.  

Материалды даярдаган:

Ноокен рай КБКнын инспектору Т. Бакиров