Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен районундагы №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебинде жаңы ашкана пайдаланууга берилди

2019-жыл 9-февраль күнү Ноокен районундагы №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебинде жаңы ашкананын курулушу толук бүтүрүлүп, пайдаланууга берилди. Ашкананын жалпы сметалык баасы 1 млн 200 миң сомду түзөт. Каржы булагы жергиликтүү бюджеттен каралып, заман талабына ылайык салынды. Ата-энелердин демөөрчүлүгү менен 59 миң 110 сом бөлүнүп, ага ашканага керектүү идиш-аяктар, эмеректер алынды. Мектеп жамааты 27 миң сомго тамак бышыруучу меш жана муздаткыч алып беришти.

Ашкана 30 орундуу. Ашкананын ачылышына Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкулов, ата-энелер жана мектеп жамааты катышты. Айыл өкмөт башчысы "Региондорду  өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү" жылына карата дагы да иштерди пландаганын жана аларды жүзөгө ашыруу үчүн талбай кызмат кыларын белгиледи. Ошондой эле ал жумушчу топко, мектеп жамаатына жана ата-энелерге ыраазычылыгын билдирди.
Келген коноктор, айыл аксакалдары келечек муун үчүн аткарылган иштерге токтолуп, окуучуларга ийгиликтерди каалашты. 

 

№35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебинин

директору  У. Уметов