Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен районунда "Жылдын мыкты мугалими" аныкталды

2021-жылдын 23-24-апрель күндөрү райондук "Жылдын мыкты мугалими" кароо-сынагы өткөрүлдү.

Иш-чарага Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Осмонов, орун басары З.Юлдашева, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, айыл өкмөт башчылары, билим берүү мекемелеринин директорлору, мугалимдер катышышты.

Кароо-сынакка конкурстун мектептик, зоналдык этаптарын басып өтүп, ар бир зонадан жеңип чыккан 8 мугалим катышты.

Катышуучулар "Өздүк педагогикалык тааныштыруу", "Мастер-класс", "Эссе жазуу" жана эң негизгиси "сабак өтүү" тапшырмалары менен таймашышты.

Жыйынтыгында: А.Казаков атындагы №19 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Абдисаттар кызы Адина "Мыкты таланттуу мугалим", №27 Бирдик орто мектебинин мугалими Юсупахматова Керезгүл "Мыкты интеллектуал мугалим", С.Ногоева атындагы №2 орто мектебинин мугалими Джолборсова Айнура "Мыкты санарип мугалим", №17 Кыла орто мектебинин мугалими Кадырова Нуржамал "Мыкты компетентүү мугалим", Ж.Султанов атындагы №12 орто мектебинин мугалими Тургунбаева Айсулуу "Мыкты потенциалдуу мугалим" номинацияларына ээ болушту.

Ал эми 3-орунду Т.Орозматов атындагы №8 орто мектебинин мугалими Ажиматова Айбарчын, 2-орунду Т.Анаркулов атындагы №26 орто мектебинин мугалими Ахматалиева Айнура, баш байге болгон 1-орунду Н.Исанов атындагы жатак мектеп интернатынын мугалими Абдыметалы кызы Гулнара жеңип алды.

Жеңүүчүлөр райондук мамлекеттик администрация жана айыл өкмөттөрүнөн 1-орун 20 миң сом, 2-орун 15 миң сом, 3-орун 10 миң сом акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн, Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун I, II, III даражалуу дипдомдору менен кошо 1-орун Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо, 2-3-орунду ээлегендер Жалал-Абад курортуна эс алууга жолдомолор менен сыйланышты. Номинацияга ээ болгон катышуучулар баалуу белектерге ээ болушту. Иш-чараны өткөрүүгө каражаттар райадминистрациядан, айыл өкмөттөн жана кесиптик бирлик комитетинен бөлүнгөн.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райБББнын окуу-усулдук каанасынын башчысы У.Уметов