Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен районунда мектеп алдындагы күндүзгү лагерлер уюштурулду

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2019-жыл 24-майындагы №289-б, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин 2019-жыл 6-июнь №26/1,  Ноокен  райондук  администрациясынын 2019-жылдын 14-май №116-б буйругунун негизинде, Ноокен  райондук  билим берүү бөлүмү, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин биргелешкен Коллегиясынын 23.05.2019-жыл  №7 токтомунун негизинде Ноокен районундагы  51 мектепте 2 агымда күндүзгү лагерлер уюштурулду.

Анда жалпысынан 3 484 окуучу эс алышты. Мектеп алдындагы күндүзгү жайкы эс алуу лагерлери жогорку денгээлде уюштурулуп, түрдүү усулдук - маданий, көркөм окуу, сүрөт тартуу, тарбиялык маанидеги тартылган видеороликтерди көрсөтүү, спорттук, акыл оюндарын (тогуз коргоол, шахмат, шашки) өткөрүү менен уюштурулду.

Мектеп администрациясы, айыл өкмөт жана демөөрчү ата-энелер тарабынан шашке чай, ысык тамактар уюштурулуп жалпы суммасы  250 899 сомду түздү. 

 

Материалды даярдаган:

Ноокен рай КБКнын инспектору Т.Бакиров