Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокен райондук билим берүү бөлүмү менен профсоюздун Ноокен райондук комитетинин биргелешкен көчмө семинары

2018-жылдын 26 – июнь күнү Достук айыл өкмөтүндө жайгашкан № 18 “Чабалекей”, № 25 “Бакыт” балдар бакчаларында 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында Ноокен районунун мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин тажрыйба алмашуу максатында көчмө семинары болуп өттү.

Семинарга райондун аймагындагы 42 бакчанын директору, Ноокен рай БББнүн жетектөөчү адиси У. Шамаматова, Ноокен рай КБКнын инспектору Т. Бакиров андан сырткары Таш-Көмүр шаарына караштуу № 14 “Үмүт” балдар бакчасынын директору С. Мураталиева, Достук айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адиси А. Абдишева катышышты.

Семинарда № 25 “Бакыт” балдар бакчасынын тарбиялануучулары тарабынан “Биздин бакча–гүл бакча” темасында музыкалык программа тартууланды. № 18 “Чабалекей” балдар бакчасынын тарбиячылары  балдарды жайкы чыныктыруу мезгилине карата “Баланын ден соолугун чыңдоодо суу менен кумдун таасири” темасында тарбиялануучулардын катышуусунда мастер класс өтүп беришти.

Материалды даярдаган Ноокен рай КБКнын

тескөөчүсү Т. Бакиров