Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокаттагы Спартакиада

“2018-жылы –Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата өткөрүлгөн “Спорт –ден соолуктун булагы ” аттуу билим ,илим кызматкерлеринин областтык Спартакиадасы Ноокат районунун Кара-Таш айыл аймагынын мектептерининде 2018-жылдын 11-12 май күндөрү спорттун алты түрү: волейбол, стол тенниси, шахмат, тогуз коргол, ордо, кичи футбол боюнча жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү. Спорттук мелдеште ОПКнын төрагасы С.Тойгонбаев съз сүйлөп, ийгиликтерди каалап ачык деп жарыялады. Иш – чаарага Ноокат райБББнын башчысы А.Жаёыбаев да катышып, куттуктоосун ыроолоду.

Натыйжада жалпы командалык эсепте

1- орунду Өзгөн районунун билим берүү кызматкерлери,

2- орунду Ноокат району,

3-орунду Кара-Суу району,

4-орунду Алай районунун кызматкерлери ээлешти.

Жеңүүчүлөр Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан кубок, дипломдор, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйланышты. Мелдештердин катышуучулары Спартакиаданы жогорку деңгээлдеги даярдыктарды коруп, жагымдуу жагдай түзүп бергендиктери үчүн, Ноокат РПКнын кызматкерлерине жана билим берүү уюмдарынын жетекчилерине ыраазычылыктарын билдиришти.

                                              Ноокат  РПК.