Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокат районундагы Х. Самиев орто мектебинде профсоюз уюмдарынын төрага төрайымдарынын райондук семинары

Ноокат районунун шаар аймагында жайгашкан Х. Самиев орто мектебинде Ноокат районунун билим берүү мекемелеринин  профсоюз уюмдарынын төрага төрайымдарынын райондук  семинары болуп өттү.

Семинарга Ош облустук билим берүү мекемелеринин профсоюз комитетинин төрагасы

С. Тойгонбаев жана анын аппарат кызматкерлери, Ноокат райондук профсоюз уюмунун төрайымы

С. Шанабаева, Нокат райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М. Маматалиев, райондук билим берүү бөлүмүнүн кадрлар боюнча адиси М. Каратаева  жана район аймагындагы билим берүү мекемелеринин профсоюз уюмдарынын төрага-төрайымдары катышты.

                Семинарда мугалимдердин эмгек акыларынын абалы, эмгек өргүүлөрүнүн туура белгилениши, мугалимдердин укутары милдеттери, билим берүүдөгү профкомдордун ролу, алардын укуктары жана милдеттери боюнча аталган уюмдун облустук өкүлчүлүктөрү тарабынан даярдалган маалыматтар берилди. Семинардын экинчи бөлүгү суроо-жооп формасында болуп, суроолор көбүнчө мугалимдердин эмгек акылары боюнча облустук профсоюз уюмунун төрагасы С. Тойгонбаев, бул багытта мугалимдердин эмгек акыларынын эсептөөнү профкомдор өтө кеңири билүүлөрү жана ар кандай маселени учурунда чечүү профсоюз уюмдарынын эң негизги милдеттери экендигин  билдирди.

                Ал эми жыйынтыктоо бөлүгүндө Ноокат райондук билим брүү бөлүмүнүн башчысы М. Маматалиев, бухгалтерия жаңыдан гана борборлоштурулгандыктан айрым майда кемчиликтерге жол берилип жаткандыгын, бирок аны жоюга мүкүн экендигине токтолду.

-          Мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акча каражатынын көпчүлүгү билим берүү тармагына жумшалып жаткандыктан, биз билим берүү бөлүмү дагы, мугалимдер дагы  натыйжалуу иш алып баруубуз зарыл. Ал үчүн профсоюз уюмунун ролу өтө чоң. Анткени сиздер мугалимдердин укугун коргой турган күчтүү орган экендигиңиздерди мен профсоюз уюмунун мурдагы кызматкери катары жакшы билемин- деп баса белгиледи М. Маматалиев.

Семинарда эң кызуу талкууну жараткан бул учурда маассалык маалыматтары тарабынан чагылдырылып жаткан эркин профсоюздук уюмдун тузулүп жаткандыгы болду.

Райондук билим берүү мекемелеринин кызматкерлери облустук жана борбордук профсоюз уюмдары тарабынан ар кандай усулдук жардамдар материалдык жактан дагы кеңири берилип жаткандыгын, андыктан эркин профсоюз уюмунун тузулүп жаткандыгына нараазы экендигин билдирди.

 

Биз А. Тогтогулович менен биргебиз – Ноокат районунун мугалимдеринин профсоюз уюмдарынын төрага-төрайымдары.

 

Ноокат райондук мамлекеттик

администрациясынын жана билим

берүү бөлүмүнүн басма-сөз катчысы:                                                                    Мамасадыков З. А