Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокат районунда Спартакиада өткөрүлдү

    Ноокат  райондук  билим  берүү  кызматкерлеринин  профсоюзу   2017-жылды    «Спорт ден-соолуктун   булагы »  деген   ураан  менен   баштоого  багыт алды.              

 2017-жылдын 24-25-апрель күндөрү Ноокат районунда   Абдуваитов, Крупская, Дооран спорт  атындагы залында спорттук мелдешүүлөр  боюнча   Спартакиада болуп өттү.

Жыйынтыгында  волейбол   боюнча   командалар,  теннис,   шахмат,  тогуз  коргоол   боюнча   спортко   катышкан оюнчулар  оюндарды  өткөрүштү.

Оюн  олимпиадалык тартипте өткөрүлүп калыстар  тарабынан туура жыйынтыктар чыгарылды.

Женүүчүлөр билим берүү   кызматкерлеринин профсоюз  комитети   тарабынан   кызыктыруучу   сыйлыктар жана   Дипломдор  менен   сыйланышты.