Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокат районунда мектептердин жаңы окуу жылына карата даярдоо боюнча Ак - Чабуу орто мектебинде райондук семинар болуп өттү

 

Ноокат районунда мектептердин жаңы окуу жылына карата даярдоо боюнча Ак - Чабуу орто мектебинде райондук семинар болуп өттү. Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагындагы Ак- Чабуу орто мектебинде, район аймагындагы типтүү эмес мектептерин жаңы окуу жылына карата даярдоо боюнча райондук семинар болуп өттү. Семинарга Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Муктар Маматалиев, Ноокат раймамадминистрация башчысы Сабыраалы Эгембердиев, райондук профсоюз комитетинин төрайымы Сонунбүбү Шанабаева, райондогу типтүү эмес билим берүү мекемелеринин директорлору катышты. Семинарды ачып жатып мектеп директору Кушбакова Ашура - эски, ашар жолу менен бүткөн мектептин эски имаратын кайрадан реконструкциялап, ата- энелердин күчү жана алардын демөөрчүлүгү менен мектептин 6 окуу каанасы, китепканасы, компьютердик кабинет, усулканасы эвростилде ремонттон өткөрүлдү. Жаңы окуу жылына мектеп толугу менен даяр деди, директор Ашура Кушбакова. Семинардын жүрүшүндө келген коноктор кабинеттердин жасалгалары менен таанышып чыгышты. Маалымат үчүн айта турган болсок, бул мектепте 191 окуучуга 18 мугалим таалим тарбия берет.

Ноокат районунда мектептердин жаңы окуу жылына карата даярдоо боюнча Ак- Чабуу орто мектебинде болуп өткөн райондук семинарда  райондук профсоюз комитетинин төрайымы Сонунбүбү Шанабаева семинар райондогу типтүү эмес билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына карата болгон даярдыгы ата-энелердин, коомчулуктун катышуусу менен жогорку деңгээлде ремонттон өткөрүлгөндүгүнө баа берүү менен Ак-Чабуу орто мектебинин жалпы жамаатына Райондук профсоюз комитети тарабынан Арсланбап эс алуучу жайына эс алууга жолдомо бериле тургандыгын билдирди.

Сонунбүбү Шанабаеванын айтымында мугалимдерге жагымдуу эс алууну тартуулоо багытында райондук просоюз комитети ар дайым мугалимдерди колдоп келе жаткандыгын, мындан ары да колдоону жана коргоону башкы максат кылып иш алып бара берээрин белгиледи.