Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокат районунда балдарды коргоо күнү майрамдык маанайда өттү

 

Балдарды коргоо күнүндө КРнын ЖКнин депутаты вице спикери Төрөбай Зулпукаров, район акими Бекболот Баратов, билим берүү бөлүмүнүн башчысы М. Маматалиев, Райондук профсоюз комитетинин төрайымы Сонунбүбү Шанабаева балдарды коргоо күнүн Ноокат районундагы балдар менен бирге тосту. ЖКнын вице спикери Т. Зулпукаров өзүнүн куттуктоо сөзүндө ар бир бала өз балалыгын тактыктуу сүрүшү зарыл. Анткени бала бул табигаттын жандуу гүлү. Биздин өлкө ушул балдардын күлкүсүнөн дем алып, баланын күлкүсүн угуу үчүн алардын бактылуу жашоосу үчүн аракет кылып жатабыз деди ал, ал эми аким өз маалыматында район аймагында жалпы калктын саны 262 миң адамдан ашуун болсо, алардын 107 миңи жеткинчек балдар. Биз ушул балдардын келечеги үчүн жаңы мектептин имараттары пайдаланууга берилип, бала бакчалар ачылып жатат. Эгерде былтыркы жылы район аймагында 27 бала бакча болгон болсо, быйылкы жылы алардын саны 56 га жетти деди аким. Ошону менен бирге ЖКнын вице спикери Т. Зулпукааров, аким Б. Айтиевдер район аймагындагы ата- энеси жок жетим балдарга акчалай жардам беришти. Майрамдык иш чара ар кандай ыр бийлер менен коштолуп жатты. Аталган иш чарада райондук мугалимдердин профсоюз комитетинин төрайымы, майрамга чакырылган социалдык жактан аз камсыз болгон үй- бүлөнүн балдарына 5 миң сом тегерегинде материалдык жардам көрсөттү. Жардамды берип жатып, профсоюз комитетинин төрайымы Сонунбү Шанабаева балдарды коргоо алардын социалдык жактан колдоо ар дайым көңүл борборунда болуп кала берет деп билдирди куттуктоо сөзүндө.

ЖКнын вице спикери Т. Зулпукаров, аким Бекболот Айтиев, билим берүү бөлүмүнүн башчысы М. Маматалиев, мугалимдердин райондук профсоюз комитетинин төрайымы С. Шанабаева, айыл аксакалдары, жергиликтүү тургундар менен бирге кечээ 1- июнда Кыргыз - Ата айыл аймагындагы бала бакчанын ачылуу аземине катышты. Анда сөз сүйлөгөн Вице спикер Т. Зулпукааров, биз курулай сөз менен патриот болуудан алыстап, өз милдетибизди так билүү менен бирге, өз ишибизди аткара турган мезгил жетти. Бул бакча, жергиликтүү айыл өкмөттүн, элдин колдоосу менен бүтүп жаткандыгы биз үчүн зор сыймык, албетте бул балдардын келечеги үчүн жасалып жаткан аракет деп баса белгиледи. Ал эми аким, бул бала бакчадан эми көптөгөн наристелердин күлкүсү чыгып, алардын алгачкы кадамы ушул жерден башталат деди. Ал эми билим берүү бөоүмүнүн башчысы Муктар Маматалиев Бүгүнкү күнгө чейин 57 бакчада, 4010 бала тарбияланып жаткан болсо эми 4060 балага өсөт, бул чоң жетишкендик. Анткени район аймагында 107 миң жеткинчек болсо, алардын жарымына жакыны бала бакчада тарбияланат деди.

 Соңунда Т. Зулпукааров, айыл аксакалдары менен бирге лента кыркылып, бакчанын ички жасалгасы менен таанышышты.

 Ачылуу аземде мугалимдердин профсоюз комитети тарабынан атайын түстүү телевизор тапшырылып, бул да болсо балдарды тарбиялоодо чоң салым болуп бере алат деп билдирди Сонунбүбү Шанабаева.

 Кыргыз- Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Марипов бакчанын жалпы сметалык баасы 2,6 млн сомду түзүп, жалпысынан 60 орундуу бала бакча пайдаланууга берилип жатат. Аталган бала бакчага ардагер мугалим, баатыр эне Коконбаева Кыймат эжекенин ысмы берилди.

Быйылкы жылы 370 тен ашуун мугалимдер атайын жолдомо менен эс алууга барышат деп билдирди мугалимдердин Ноокат райондук профсоюз комитетинин төрайымы Сонунбүбү Шанабаева.

Сонунбүбү Шанабаеванын билдиргенине караганда Эгерде өткөн 2013- жылы 170 мугалим 50% арзандатылган дарылануучу эс алуу жайларында эс алып келген болсо, быйылкы 2014- жылы 370 мугалим 50% арзандатылган дарылануучу эс алуучу жайларына жөнөтүлөт. Жолдомолордун мындай өсүүсүнүн бирден бир жолу быйылкы жылы Бала бакчалардын кызматкерлери, мектептердин тех персоналдары өз Ыктыярлары менен мугалимдердин профсоюз уюмдарына мүчөлүккө катталгандыгы себеп болууда. Эгерде былтыркы жылы мугалимдердин Ноокат райондук профсоюз уюмунда 4115 мүчөсү болсо, быйылкы 2014 – жылы алардын саны 5500гө жеткен.