Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокат райондук маданият бөлүмүндө бүгүн, 27-августта мугалимдердин август конференциясы болуп өттү.

 

Ага райондук мамадминистрациянын башчысы Бекболот Айтиев, Ош областтык администрациядан, областтык профсоюз комитетинен, ардагер мугалимдер жана мекеме ишкана жетекчилери катышты.

Август конференциясы атайын даярдалган концерттик программалар менен бирге атайын даярдалган слайд-роликтер көрсөтүлүп, «Манас» жаштар уюмунун куттуктоолору көрсөтүлдү жана алдыңкы мугалимдерге сыйлыктар тапшырылды. Сыйлыктарды уюштуруу жана алдыңкы мугалимдерди сыйлоо Ноокат райондук мугалимдердин профсоюз комитети тарабынан каржыланды. Ноокат райондук мугалимдердин профсоюз комитетинин төрайымы Сонунбүбү Шанабаеванын билдиргенине караганда өткөн 2013-2014-окуу жылында 5500 билим берүү кызматкерлеринин профсоюз мүчөлөрү эмгектенди.