Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ноокат районунда Спартакиада ɵткɵрүлдү

   Ноокат  райондук  билим  берүү  кызматкерлеринин  профсоюзу   2018-жылды  «Спорт ден-соолуктун   булагы»  деген   ураан  менен баштоого  багыт алды. 2018-жылдын 19-20-апрель күндɵрү Ноокат районунда   Абдуваитов, Крупская, Аль-Хорозимий  атындагы орто мектебинин залында спорттук мелдешүүлɵр  боюнча   Спартакиада болуп ɵттү.

    Жыйынтыгында  волейбол   боюнча   командалар,  теннис,   шахмат,  тогуз  коргоол  боюнча   спортко   катышкан оюнчулар  оюндарды  өткөрүштү. Оюн  олимпиадалык тартипте өткөрүлүп калыстар  тарабынан туура жыйынтыктар чыгарылды. Женүүчүлөр билим берүү   кызматкерлеринин профсоюз  комитети   тарабынан   кызыктыруучу   сыйлыктар жана   Дипломдор  менен   сыйланышты.