Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өнөктөштөрдүн ыраазычылыгы

Кесиптик бирлик уюмунун ишмердүүлүгүн уюштурууда негизги документтердин бири - социалдык өнөктөштөр болгон – иш берүүчүлөр менен түзүлгөн макулдашуу, жамааттык келишимдер болуп саналат.

Макулдашууларда, жамааттык келишимдерде окуу-тарбия ишин уюштуруу тараптары иш берүүчүлөрдө болсо, эмгекти стимулдаштыруу, ден соолукту чыңдоо чаралары кесиптик бирлик уюмдары өзүнүн милдеттерине алган.

Биз социалдык өнөктөштөр - мектептердин директорлору макулдашуулардын негизинде эмгек өргүүбүздү мазмундуу өткөрүп, Ысык-Көлдүн “Ала-Тоо”  пансионатында эс алып, ден соолугубузду чыңдадык. Мындай көңүлдүү, мазмундуу эс алууга кесиптик бирликтин Жалал-Абад обкому жана Сузак райкому тарабынан шарттар түзүлдү.

Биз өнөктөштөр жаңы окуу жылын жаңы күч жана жаңы максаттар менен тосуп алуудабыз. 

Жаңы окуу жылынын алдында жакшы маанай түзүп берген кесиптик бирлик уюмунун облустук жана райондук жетекчилерине ыраазычылык билдирип, иштеринде ийгиликтерди каалайбыз.

 

Маалыматты даярдаган: Сузак районундагы "Дом Ата" – Хакимов атындагы орто мектебинин директору Г.Юлдашева