Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өнөктөштөрдүн ыраазычылыгы.

Өнөктөштөрдүн ыраазычылыгы.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Жалал-Абад облустук комитети “Кесиптештерге жардам” акциясын Сузак районунда улантып, профсоюздук мүчөлөрдөн кабар алды.

Акцияны Сузак райкомунун төрагасы Орозалиев Абдимажит Жумабекович ачып, сөздү обкомдун төрагасы Абдукахар Арапович Исмаиловко берди. Төрага Сузактык кесиптештерди оор күндөрдү өткөрүп, карантын мезгилинде аралыктан окуутуну да ийгиликтуу уюштургандыгын белгиледи. Кесиптештердин ден-соолуктарын, үй-бүлөлүк акыбалдарын сурап, жакшы тилектерин билдирди.

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Усенов Тынычбек Жумабекович өзгөчө абал мезгилинде мугалимдер тарабынан аралыктан окуутуда жакшы самаалыктар жаралгандыгын айтып, билим берүү кызматкерлери чыныгы мамлекеттин патриоттору катарында иштешкендигин өзгөчө белгиледи. Обкомдун колдоо көрсөтүп келгендиги үчүн Борбордук Комитеттин төрагасы Асыл Токтогуловичке, обкомдун төрагасы Абдукахар Араповичке ыраазычылыгын билдирди.

Сузак райкомунун төрагасы Орозалиев Абдимажит Жумабекович , мугалимдер Борбордук Комитетке,обкомго ыраазычылыктарын билдирип, акцияда 5 кызматкерге ар бирине 3 миң сомдон 15 миң сом берилген жардам сузактык кесиптештерге деп бергендигин белгилешти.

Материалды даярдаган: Жалал-Абад обкомунун инспектору- А.Айдаров.