Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өнөктөштөр куттукташат

УРМАТТУУ 

ТОКТОСУНОВ АКЫЛБЕК АДЕШОВИЧ!

Сизди кутман  курак   60 жаш   юбилейлик  майрамыңыз  менен куттуктайбыз!

         Сиз  2010-жылдан Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борборунун  директору   кызматында   үзүрлүү  эмгектенип, облустун билим  тармагын өнүгүүсүнө,  билим  берүү  кызматкерлерин кесиптик  чыгармачылыгын артырууга, окуучулардын  билим  сапатын деңгээлин көтөрүүгө зор  салымыңызды  кошуп  келүүдөсүз.

Сиз облустун билим  берүү  тармагында көп  жылдар  бою 2008-2010-жылдар, Жалал-Абад областтык мамлекеттик  администрациясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз  алдынча башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси – башкы   инспектору, 2007-2008-жылдар, Жалал-Абад областтык мамлекеттик  администрациясынын билим берүү,маданият жана жаштар  саясаты бөлүмүнүн башкы адиси, 2006-2007-жылдар, Жалал-Абад областтык билим берүү жана  жаштар саясаты башкармалыгынын начальнигинин орун  басары, 1997-2006-жылдар, Жалал-Абад областтык билим берүү башкармалыгынын  башкы адиси, 1995-1997-жылдар, Жалал-Абад областтык илимий-методикалык борборунун директорунун орун басары, 1993-1995-жылдар, Жалал-Абад областтык билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси,1993-жылы, Жалал-Абад областтык билим берүү  башкармалыгынын илимий-методикалык борборунун  инновация лабораториясынын башчысы болуп  иштеген  кызматтарыңызда  залкар  ийгиликтерди  жаратыңыз. Социалдык  өнөктөш  катарында   билим  берүү  кызматкерлеринин   социалдык –экономикалык  маселелерин  чечүүдө  активдүү  катышып  келүүдөсүз. Сиз  облустун  билим  берүү  тармагында предметтик  олимпиадаларды, “Жыл  мугалими”  кароо-сынактарын   өткөрүүнүн  системасын  туза   алдыңыз. Жыйынтыгында   мугалимдерибиз,  окуучуларыбиз  республикада байгелүү  орундарды  камсыз  кылышууда.  Мектеп  жетекчилери  үчүн жазган усулдук  колдонмо китебиңиз облустун   мектептеринин директорлоруна  жана  окуу-тарбия  бөлүмүнүн  башчыларына  кызмат  кылууда.

Билим  берүү жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун   облустук  комитетинин  жамааты  жана  райшаарком  төрагалары   Сизди  60  жаш  юбилейлик  майрамыныз   менен  куттуктап,  бекем  ден-соолук,  узак  өмүр,  үй-бүлөлүк   бакыт-таалай, иштериңизде  албан  ийгиликтер   каалайбыз!

 

Билим  берүү жана  илим  кызматкерлеринин 

профсоюзунун   облустук  комитетинин төрагасы:  А.А.Исмаилов.                                                                  

Материалды  даярдаган:  Обкомдун  инспектору-А.Айдаров