Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Нарын шаарындагы №17 «Ынтымак» балдар бакчасындагы семинар

Нарын шарындагы №17 «Ынтымак» балдар бакчасында  2019-жылдын 29-мартында облустук   семинар болуп  өттү. Семинарга  Нарын облусунун районундагы    айылдардын  бала бакчалардын  тарбиячылары, директорлору  келип катышты.

Семинардын негизги темасы: «Балдар бакчаларында балдардын өнүгүү индикатору». Бала бакчанын усулчу -тарбиячысы Т.Жузубалиева «Баланын өнүгүүсүнө  мониторинг жүргүзүү, иш план иштеп чыгуу» деген темада презентация жасады.

Семинардын максаты: 2 жаштан 6 жашка чейинки программаны өздөштүрүү  боюнча пландалган базистик натыйжаларга балдардын жетүүсүнө  мониторинг   жасоо системасын үйрөнүү жана иш план иштеп чыгуу болуп саналды.

Был балдар бакчасындагы окутуп тарбиялоо иштери Кыргыз Республикасынын «Билим берүү»   жана  «Мектепке чейинки билим берүү» мыйзамдарына  жана бала бакчанын Уставына ылайык жүргүзүлөт.  Алар окутуп-тарбиялоо иштеринде жаны иновациялык ыкмаларды; «Кош тилдүүлүк»,  «Зайцевдин ыкмасын» жана улуттук-салттык тарбия берүүгө өзгөчө көӊүл бурушат.

Жыйынтыгында семинардын катышуучулары өз ой пикирлерин билдиришип, семинар өз максатында  жеткендигине ыраазычылыктарын айтышты.

Бала бакчанын директорунун  М.Аалиеванын билдигендей  «Бакчада 316 бала 8 тайпада тарбияланат, аларга 14 педагог окутуп-тарбиялоо иштерин жүргүзөт. Өткөн жылы туртку берүүчү  гранттын эсебинен бала бакчанын имараты  2млн 766 сомдук каражатка капиталдык  ремонттон  өткөрүлгөн». Семинарга Нарын шаардык билим берүү  бөлүмүнүн жана билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Нарын шаардык комитетинин кызматкерлери катышты.

 

Даярдаган: 

Бакасова Т.