Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Нарын облусунун мектеп окуучулары арасында предметтик олимпиада өткөрүлдү

2021-жылдын 25-мартында Нарын облусунун мектеп окуучулары арасында предмет аралык олимпиаданын 3-туру М.Субакожоев атындагы түрк лицейинин базасында өткөрүлдү. Окуучулар арасында өткөрүлгөн предметтик олимпиадага Ат-Башы районунун алдыңкы мектеп окуучулары да катышып бир окуучу 1-орун, төрт окуучу 2-орун, эки окуучу 3-орундарды алышып жыйынтыгында Ат-Башы районунун окуучулар командасы 9 команданын арасынан 4 орунду алып келишти.

Ат-Башы районунун алдыңкы орунду алышкан 4окуучу Республикалык предмет аралык олимпиаданын 4-туруна катышууга жолдомолорду алышты.

 

Материалды даярдаган: Ат-Башы РПКнын төрагасы К. Керималиев