Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Нарын районундагы көргөзмөлүү семинар-тренинг

27-февраль 2015-жылы Нарын шаарындагы Э,Ибраев атындагы орто мектебинин базасында Нарын районундагы билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмдарынын төрагалары жана төрайымдары менен көргөзмөлүү семинар-тренинг болуп өттү. Семинарда А.Табалдиев атындагы орто мектебинин төрайымы  Курманакунова  Каухар профсоюз уюмунун ишин жандандыруу, жылдык циклограмма жана мүчөлөрдү укуктук жактан окутуунун жолдору жана анын натыйжалары жөнүндө билдирүү берсе, Ж.Иманалиев  атындагы орто  мектебинин профсоюз уюмунун төрайымы  Боскунова Кылыч социалдык өнөктөштүк, үч тараптык макулдашууну түзөө боюнча жана өз уюмунда анын берип жаткан натыйжалары жөнүндө баяндама жазады. Профсоюз уюмунун алдында түзүлгөн комиссиялардын иштери, алардын профсоюз уюмдарынын иштерин жакшыртууда, мүчөлөрдүн укук-талаптарын, социалдык-экономикалык жактан корголушундагы ролдору жана натыйжалары жөнүндө. К.Абиров атындагы орто мектебинин профсоюз уюмунун төрагасы Курманов Бекбоо кеӊири баяндама берди.

         Семинар көптөгөн суроолор жана кызыктуу толуктоолор менен жогорку деӊгээлде өттү.

 

Билим жана илим кызматкерлер

профсоюзунун Нарын райондук

комитетинин төрагасы:                                            М.Курманкожоев