Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Нарын райкому уюштурган «Жалпы билим берүүчү мектептерде жана бала-бакчаларда эмгекти коргоо жана техникалык,санитардык коопсуздук эрежелерин сактоо»-деген темада семинар

2015-жылдын 15-апрелинде Нарын шаарындагы Токтогул атындагы орто мектебинин баазасында Нарын районунун билим берүү мекемелеринин  профсоюз уюмдарынын төрөгалары жана орто мектептердин класстан сыркаркы иштеринин уюштуруучулары менен ”Жалпы билим берүүчү мектептерде жана бала-бакчаларда эмгекти коргоо жана техникалык,санитардык коопсуздук эрежелерин сактоо”-деген темада семинар болуп өттү. Семинарга Нарын региондук экологиялык жана техникалык коопсуздук башкармалыгынын башкы адиси Ж.Чобиева,Нарын облустук санитардык-эпидемиялык станциянын врачы Г.Абамуслимова катышып, билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо,техникалык жана өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышы жана аларга койулуучу санитардык-гигиеналык талаптар,башталгыч класстардын окуучуларына жана бала бакчаларда берилүүчү ысык тамактардын нормалары жана баалуулуктары  жонундо кеңири түшүндүрмө беришти.      Ошондой эле билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо,эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссиялардын иштери боюнча түзүлгөн жоболор прзентациялады.Райондук комитет тарабынан иштелип чыккан”Окуучулар менен ищтөөдө өздүк коопсуздукту сактоо жана эмгекти коргоону уюштуруу боюнча класс жетекчилерге усулдук сунуштама” боюнча Керимбай уулу Сарыбай  атындагы орто мектебинин уюштуруучусу Г.Исакова  өз мектебинде жүргүзүлүп жаткан  иштери жана анын жыйынтыктары жөнүндө семинардын катышуучуларына байандама жазады.                                                                                                                            Баардык маселелер боюнча слайдтар көргөзүлүп,семинардын катышуучуларына атайын дайардалган папкалар,эмгекти коргоого байланыштуу иштелип чыккан жоболор, өкмөттүн токтомдору таратылып берилди.

 

 

                                               Төрага:                           М.Курманкожоев.