Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

№5 гимназиядагы ийгиликтер!

Жыл жыйынтыкталып мектептин медиа командасы АРДАК ГРАМОТА менен сыйланды. Белгилей кетсек, 5 окуучудан куралган команда мектептин медиа архивин түзүү менен, сентябрь айында "Мыкты медиа бурч" конкурсуна катышкан. Конкурска катышуунун башкы максаты мектептин медиа бурчун түзүү жана мектепте болуп жаткан жаңылыктар менен ата - энелерди, окуучуларды, жалпы катталуучуларды кабардар кылуу болгон. Сиз күбө болгон ар бир пост, команда мүчөлөрү тарабынан даярдалып, кооздолуп  интернет  тармагына жайгаштырылууда. Окуучулардын өзгөчө аракетин, чыгармачылыгын, эмгегин баалап мектеп администрациясы мектептин МЕДИА КОМАНДАСЫН АРДАК ГРАМОТА менен сыйлады. Учурдан пайдаланып бизге дем күч берген, эмгегибизди баалап,  ишеним арткан мектеп жамаатына, мектеп директору Шооруков Жаныбек Абдибахаповичке терең ыраазычылык билдиребиз. Биз үчүн күтүүсүз белек жана мотивация болду.

Председатель Лейлекского района Авазбек Бердиев