Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

№2 орто мектебинде театрлаштырылган-музыкалык композициясы коюлду

Жалал-Абад шаарындагы К.Закиров атындагы №2 орто мектебинде 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүно карата 9в классы тарабынан (класс жетекчиси -  Сабирова Н.Ж) театрлаштырылган-музыкалык композициясы коюлду. Музыкалык кеченин башталышында мектептин директору Мараимова Нуриса майрамдык куттуктоосун айтты. Атайын чакырылган коноктор Жалал-Абад шаарындагы Аскер Комиссариятынын башчысынын орун басары майор Камилов Г.Д, МЧСтин кызматкерлери өз куттуктоолорун билдиришти.  Андан сон майрамдык ыр-бий, инценировка, аскердик машыгууларды тартуулашты. Адабий кечеге мугалимдер, ата-энелер курамы жана окуучулар концерттик номерлерди мыкты аткарган активисттерге дүркүрөтүп кол чабышты. Кеченин жанры трагедиялык жанр менен башталып, Ата Мекенге кызмат кылуу, Ата Журтту коздун карегиндей сактоо, элди жерди сүйүүгө, тарбиялоо багытындагы патриоттук сезимдерди ойготуу менен аяктады. Жалпысынан майрамдык концерт көркөмдүк жана уюштуруучулук жагынан жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

 

 

 

Маалыматты даярдаган: Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков