Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мыкты мугалимдер аныкталды

 Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунда  «Жылдын мыкты мугалими 2017»  кароо-сынагы өткөрүлдү. Сынака районубуздагы 35 мектептен , 17 мугалим катышып, финалга 10 мугалим тандалып чыкты.

    Сынактын максаты: райондун мектептеринде иштеп жаткан мугалимдердин өнүгүү потенциалын аныктоо жана аларга колдоо көрсөтүү.

    Милдеттери:

- мыкты, таланттуу, чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди аныктоо;

- мугалимдердин педагогикалык чеберчилигин өнүктүрүүгө шарттарын түзүү;

 - мугалимдин кесиптик баркын көтөрүү;

- окуу тарбия процессинде маалыматтык-коммуникациялык технологияны (проектик электрондук окуу китептерин, интернет) колдонууну активдештирилиши;

- мугалимдин иш тажрыйбасын жайылтуу.

    Кароо сынак 2 этап менен жүргүзүлдү.

1-этапта:

- сынактын иш кагаздары;

- чыгармачыл ачык сабактын фрагменти;

- предметтик педагогикалык тест (компьютерде);

- психологиялык тест (кагаз жүзүндө).

2- этап (финалдык жыйынтыктоочу бөлүк):

- өзүн-өзү презентациялоо;

- мугалимдин педагогикалык чеберчилиги;

- предметтик жомок;

- мугалимдин хоббиси.

    Кароо-сынактын катышуучуларынын арасынан мектептердеги жалпы окутуу-тарбиялоо процессинде педагогикалык жаңылыктарды, алдыңкы иш-тажрыйбаларды кеңири колдонуп, изденип иштей билген, өз кесибин сүйгөн, чыгармачыл, уюштургуч педагог катары айырмаланган мугалимдердин иш-аракеттерине калыстар тарабынан туура баалар берилип, жеңүүчүлөр аныкталды жана райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук профсоюз комитетинин Ардак грамоталары, акчалай сыйлык жана баалуу белектери менен сыйланышты.

    «Жылдын мыкты мугалими 2017» сынагынын финалына чыгып, «Жаңычыл изденип иштеген мугалим» номинациясына Калиев атындагы орто мектебинин мугалими Сарыбаева Асель, «Өзгөчө активдүү экспериментатор мугалим» номинациясына Рахимова атындагы орто мектебинин мугалими Самакова Махабат, «Эң мыкты чыгармачылык сабактары» номинациясына Эшимбеков атындагы орто мектебинин мугалими Бошкоева Элмира, «Талыкпас чыгармачыл мугалим» номинациясына Мурзакматов атындагы орто мектебинин мугалими Мурзакматова Назира ээ болушту.

    Ал эми 3-орунду Искаков атындагы орто мектебинин кыргыз тил жана адабияты мугалими Махметова Чолпон, Киров атындагы гимназия мектебинин башталгыч классынын мугалими Хандромайлова Евгения,  2- орунду Ашубаев атындагы орто мектебинин биология мугалими Үсөналиева Элнура, 1-орунду Сооронбаева атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Акматова Наргиза, М.Калиев атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Ашырова Баяна ээлешти.

    Сынактын «Баш байгесине» (Гран-При) татыктуу болгон Мамакеев атындагы мектеп гимназиясынын кытай тил ийриминин мугалими Шертаева Мунара райондук билим берүү бөлүмүнүн жана профсоюздардын райондук комитетинин «Ардак грамотасы», «Жеңүүчүнүн лентасы», баалуу белек менен сыйланды жана «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясына эс алууга путевканы райондук профсоюз комитетинин төрагасы Э. Садабаев тапшырды.

Кароо-сынактын ийгиликтүү өтүшүнө райондук профсоюз комитетинин кызматкерлери колдоо көрсөтүшүп, иш-чаранын уюштурууга зор салымдарын кошушту.

    Жыйынтыгында Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Темиралиев жеңүүчүлөрдү куттуктап, мугалимдик ыйык кесипте дайыма жеңиштин ээси болуп жүрүүлөрүн айтып, ийгилик каалады.

 

                                                                            Айжан Төрөева,

Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин башкы адиси.