Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Мыкты инновациялык мектеп-2017»

     Билим берүү тармагында эмгектенген мугалим кадрлардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана чыгармачыл мугалимдерди, мыкты мектептерди, мыкты балдар бакчаларды аныктоо менен алардын алдынкы иш тажрыйбаларын облустун аймагында жайылтуу максатында ѳткѳрүлгѳн  облустук «Жыл мугалими» конкурсунда Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиянын информатика мугалими Турсуналиев Тынчтыкбек үчүнчү орунду,  «Мыкты бала бакча» конкурсунда «Сезим-М» балдар бакчасы экинчи орунга ээ болушса, «Мыкты инновациялык мектеп» конкурсунда Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназия биринчи орунга ээ болуп, республикалык турга катышууга жолдомо алды.

                                                                                      Астра Асаналиева

Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн

Окуу-методикалык кабинетинин башчысы