“Мыкты тарбиячы – 2023” кароо-сынагы
2023-жылдын 13-апрелинде Базар-Коргон шаарында №30 Ө.Атабекова атындагы инновациялык-гимназия мектебинде “2023-жылдын мыкты тарбиячысы” кароо-сынагы болуп өттү.
Иш-чарага Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Т.Жалилов, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркынбаев жана райондун 49 мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ичинен тандалган тарбиячылар катышты.
“2023-жылдын мыкты тарбиячысы” кароо-сынагынын катышуучуларын жана жеңүүчүлөрүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Т.Жалилов жана билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев куттукташып, жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга сыйлыктарды тапшырышты.
“2023-жылдын мыкты тарбиячысы” кароо-сынагында биринчи орунду алган №48 Келечек мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Джумагулова Наргуль Курванбаевнага мындан ары чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.
Маалыматты даярдаган: Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитети