Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Мыкты тарбиячы-2018»

Кочкор районундагы бала бакчаларда иштеген тарбиячылардын кесиптик чеберчилигин жана педагогикалык деңгээлин аныктоо, чыгармачылыгын арттыруу, колдоо жана дем берүү максатында  2018-жылдын 16-майында «Мыкты тарбиячы-2018» каароо-сынагы  ѳткѳрүлдү. Сынакка райондогу 28 бала бакчанын тарбиячылары катышып, ѳзүнүн иш тажрыйбасы боюнча презентация, 5-8 мүнѳттүк сабактын бѳлүгүн ѳтүү, «Бала бакча-тарбиянын ачкычы» деген аталыштагы педагогикалык, философиялык ой жүгүртүү эссе жазуу жана чыгармачылыгы бааланды.

Сынакка катышкан тарбиячылар кесиптик жогорку деңгээлин  кѳрсѳтүшүп, жыйынтыгында «Ак Тилек» балдар бакчасынын тарбиячысы Саякбаева Мээрим Гран-Прини ээлеп Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн Ардак грамотасы жана  5000 сом акчалай сыйлык, жайында Ысык-Кѳлгѳ эс алуу үчүн путевка, биринчи орунду «Ырыс-Шаар» балдар бакчасынын тарбиячысы Жамакеева Турсунай ээлеп, Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн Ардак грамотасы,  3000 сом акчалай сыйлык жана жайында Ысык-Кѳлгѳ эс алуу үчүн путевка, экинчи орунду «Асел» балдар бакчасынын тарбиячысы Мурзакматова Махабат ээлеп, Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн Ардак грамотасы,  2000 сом акчалай сыйлык жана жайында Ысык-Кѳлгѳ эс алуу үчүн путевка, ал эми үчүнчү орунду «Бүчүр» балдар бакчасынын тарбиячысы Кыдыралиева Чолпон жана «Куруучу» балдар бакчасынын тарбиячысы Чолпонбек кызы Айгүл үчүнчү орунду ээлешип, Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн Ардак грамотасы,  3000 сом акчалай сыйлык жана жайында Ысык-Кѳлгѳ эс алуу үчүн путевка менен сыйланышты. Акчалай сыйлыктар жана путевка райондогу педагогикалык кызматкерлеринин профсоюзунун эсебинин каржыланды.

Сыйлыктарды Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысы У.Ѳзүбеков жана  педагогикалык кызматкерлердин профсоюзунун  тѳрагасы А.Темиров тапшырып, тарбиячылардын иштерине ийгиликтерди  каалашты.

 

Астра Асаналиева

Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн

Окуу-методикалык кабинетинин башчысы