Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Мыкты окуучулардын слёту - 2019” Лейлек районунда

2019-жылдын 22-май күнү Лейлек районунун Исфана шаарынын маданият үйүндө райондук билим берүү бөлүмү жана профсоюз уюму тарабынан уюштурулган  райондун мыкты окуучуларынын слёту болуп өттү.

Иш чараны райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеемуратов Улукбек Имматович ачып, 2018-2019-окуу жылындагы жетишкендиктер тууралуу маалымат берип, окуучуларды куттуктады, андан соң райондун акиминин орун басары, мекеме уюм жетекчилери окуучуларга мындан ары багыт берүү максатында насааттарын айтып, окуучуларды ийгиликтери менен куттуктады.

Район боюнча окуусунда, предметтик олимпиядаларда спорттук мелдештерде өздөрүнүн мыкты жетишкендиктери бар 137 окуучу катышып, райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ардак грамоталары” менен сыйланышып, слёт концерттик программа менен коштолду.

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева