Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мыкты мугалимдин ыраазычылыгы

2022-жылдын 23-24-майында «Жылдын мыкты мугалими - 2022» кароо-сынагынын областтык туру болуп, жыйынтыгында кароо-сынактын катышуучуларына Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук Борборунун директору А.А.Токтосунов жана Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.А.Исмаилов тарабынан “Ардак грамоталар”, дипломдор, акчалай сыйлыктар жана 1-орунга Анталияга, 2-3 орундарга Ысык-Көлгө, номинанттарга “Жалал-Абад” санаториясына жолдомолордун сертификаттары тапшырылган.

Катышуучулар үчүн жолдомолор областтык комитеттин бюджетинин эсебинен алынып, биздин эмгектерибизди өз убагында баалашып жаңы дем беришти.

“Мен, «Жылдын мыкты мугалими - 2022» кароо-сынагынын облаттык турунун жеңүүчүсү катарында Анталияда (Туркия) жакшы эс алып, эстен кеткиз мазмундуу күндөрдү өткөрдүм. Ак эмгек адилет бааланып жетекчилерибиздин алкыштарына жана камкордуктарына татыктуу болдук. Биз ден соолуктарыбызды чыңдап, жер көрүп жаңы досторду күтүп, жаңы окуу жылына жаңы максаттар менен баруудабыз. Биз жетекчилерибизди алдындагы иштердеги ийгиликтерибиз жана жетишкендиктерибиз менен кубандырабыз. Бизге бардык шарттарды түзүп берген обкомдун төрагасы А.Исмаиловго ыраазычылык билдирип, кесиптик бирликтин иштеринде ийгиликтерди каалайбыз.

Кесиптик бирлик - биздин таянычыбыз, камкорубуз, ийгиликтерге дем жана багыт берүүчү уюмубуз.” – деди кароо-сынактын жеңүүчүсү Максат Абилов.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад  шаарынын №5  Б.Осмонов атындагы мектеп гимназиясынын химия мугалими , “Жылдын мыкты мугалими - 2022” кароо-сынагынын областтык турунун жеңүүчүсү Абилов Максат Каримжанович.