Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Мыкты мугалим” тандалды

2023-жылдын 30-мартында Ала-Бука районундагы Сегиз Айыл аймагында «Мыкты мугалим» сынагынын экинчи туру өткөрүлүп, 14 мугалим райондук турга катышты.

Санактын жүрүшүндө баш байгени Балтагулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин орус тили мугалими З. Мырзакаримова;

I орунду Юсубалиев  атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин  мугалими Икром кызы Юлдузкан;

II орунду Бекменбетов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Чыныбекова Гүлзат;

III орунду Атамов  атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин математика мугалими Ш. Мирахмедова камсыздады.

Сынактын жыйынтыгында билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Ж. Дурусалиев жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Баймуратов куттуктоо сөздөрүн айтып, кесиптик бирлик комитети тарабынан баалуу белектерди жана дипломдорду тапшырышты.

 

 Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ала-Бука райондук комитети