Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Мыкты мугалим” аныкталды

Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмү жана кесиптик  бирликтин Таш-Көмүр шаардык комитети менен биргеликте “Мыкты мугалим-2023” сынагы болуп өттү. Аталган сынактын негизги максаты шаардагы эң мыкты, таланттуу, чыгармачылык менен иштеген мугалимдерди аныктоо, мугалимдин иш тажрыйбасын жайылтуу жана алардын коомдогу кесиптик беделин көтөрүү болуп саналат.

Сынактын жыйынтыгы менен  төмөндөгү мугалимдер жеңүүчү аталышты:

I орунга №14- Т. Шадыканов атындагы инновациялык- гимназия мектебинин математика жана информатика мугалими Ороскулова Айымбү Уметбековна;

II орунга №11- М. Темирбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Курманалиева Улара Дүйшеналиевна;                                                                                                                         

III орунга №2- К. Осмонкулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Ходжаматова Гулийпа Мухтаровна жеңүүчү деп табылып, баалуу белектер тапшырылды.

Ошондой эле I орунга ээ болгон мугалимге кесиптик  бирликтин  Таш- Көмүр шаардык   комитети тарабынан “Жалал-Абад” санаториясына эс алууга жолдомо берилди.

 

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Таш-Көмүр шаардык комитетинин төрайымы М.Үтүрбаева