Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мыкты баштапкы кесиптик уюмунун иш тажрыйбасынан

Бүгүн 2021-жылдын 28-январь күнү “Мыкты профсоюздук уюму жана төрагасы-2020” тармактык кароо-сынагынын жеңүүчүсү болгон №31 Ж.Татыкулов атындагы орто мектебинин базасында Ноокен районунун мектептеринин баштапкы кесиптик уюмдарынын төрага, төрайымдары үчүн семинар болуп өттү.

Семинарды Ноокен райкомунун төрагасы К.Нышанов ачып, анда 2021-жылда аткарылуучу иштердин планы, багыттар жана алдыдагы милдеттерге токтолду.

Андан соң №31 Ж.Татыкулов атындагы орто мектебинин профкому А.Сагынбаева 2020-жылда аткарылган иштери жөнүндө слайддар аркылуу маалымат берди.

Семинардын жүрүшүндө Ноокен райкомунун инспектору Т.Бакиров өткөн кароо-сынактар боюнча анализ жүргүзүп анын жыйынтыктары жөнүндө айтып өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар №31 Ж.Татыкулов атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик уюмунун иш кагаздары, ишмердүүлүгү менен таанышып, жаш профкомдорго усулдук материалдар таркатылды.

 

Ноокен райондук комитети