Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мыйзамдуулук маданиятка чакырат аталышындагы “Брейн-ринг” интелектуалдык оюнунун областтык туру

2019-жылдын 17-октябрында Баткен шаарында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети тарабынан «2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү  жылынын» алкагында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан жарыяланган “тармактык профсоюз уюмдарынын ишмердиктерин жаны сапаттуу денгээлге көтөрүү, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана тармактык профсоюздун ролун күчөтүү” боюнча иш чараларын аткаруу максатында, Баткен областтык комитетинин  2019- жылдагы иш планына ылайык райондук, шаардык билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмдарынын район, шаардык турунан мыкты деп табылган командалары арасында “Брейн-ринг” интелектуалдык  оюнунун областтык  туру өткөрүлдү.

Брейн-ринг интелектуалдык оюнунун максаты билим  берүү тармагынын  профсоюз кызматкерлерин тарбиялоо, калыптандыруу; мыйзамдарды  сыйлаган, профсоюз  лидерлерин даярдоо  жана Кыргыз Республикасынын “Эмгек  Кодекси”, “Билим  берүү  жөнүндө”, “Мугалимдин  статусу жөнүндө”,   “Кесиптик  бирликтер жөнүндөгү”, “Эмгекти Коргоо жөнүндөгү”, мыйзамдар ошондой эле КРнын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунунун Уставын, Баштапкы  кесиптик бирлик  уюмдардын ЖОБОСУн  окутуп  үйрөтүү болду.

Кароо-сынактын ачылышында областтык комитеттин төрагасы З.Бөтөков сөз сүйлөп профсоюз кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттукап, катышуучуларга ийгилик каалады.

Кароо-сынакка ар бир  район, шаарлардан төмөнкү командалар  катышышты:

  1. Кадамжай районунан “Профсоюз нуру” командасы,
  2. Баткен районунан “Акыйкат”  командасы
  3. Баткен шаарынан “Ынтымак»  командасы
  4. Сүлүктү шаарынан “Адилет” командасы
  5. Кызыл Кыя шаарынан “Алга”   командасы
  6. Лейлек Районунан «Биримдик» командасы

Ар бир команда музыкалык уй тапшырмасын аткарышып «профсоюзга мотивациялоо, профсоюзду даназалоо»  боюнча өнөрлөрүн көрсөтүштү. Андан кийин брейн-ринг оюнунун тартиби боюнча суроолорго жооп берүүлөр болуп, жыйынтыгында

I орунду Баткен районунун  “Акыйкат” командасы

I I орунду Баткен шаарынын   “Ынтымак»  командасы

I I I орунду Кызыл Кыя шаарынын   “Алга”   командасы ээлешти. I- I I I орунду алышкан командалар тиешелүү дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Ал эми IV-VI орунда алган командалар ардак грамоталар, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

 

 

Областтык комитеттин уюштуу, укук иштери боюнча адиси   

К.Акимов