Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Музейлерге экскурция

        2017-жылдын 20-майында “2017-жыл-Ыйман,адеп жана  маданият  жылы” иш-чараларынын  алкагында   Жалал-Абад  облусунун Билим,илим  кызматкерлеринин  кесиптик  бирлигинин  райшааркомдорунун  төрагалары Токтогул  районунда болушуп, Коргоол жана  Токтогулдун музейлери  менен  таанышышты.

      Коргоолдун  урпактарынан Раманкулов Жамалгазы Коргоолдун тарыхы  менен  тааныштырып, анын ырларынан окуп  берип, жетекчилерге жакшы  маанай тартуулады. Жамалгазы  агай  акын  катарында өзүнүн ырларынан, сатираларынан  ,  гезиттерге  жарыялаган  чыгамаларынан айтып  берди.  Агайдын этнопедагогика,  кыргыздын  нукура  салттары менен тарбиялоо  жөнүндөгү ой-пикирлери жетекчилер  тарбынан  кызуу талкуу  жаратып,өзара  пикир  алмашуулар болду.

    Токтогулдун  музей-комплекси жетекчилерде  өзгөчө таасир  калтырды.Жетекчилер музейдин  материалдары менен  таанышып,    Токтогул  жана  район жөнүндө  толук  маалыматтарга  ээ болушту.

Жетекчилер  экскурцияны  уюштурган  райБББнун  башчысы  Д.К.Сулпокаровага,райКБКнын  төрагасы  Т.Исраиловдорго ыраазычылыктарын  билдиришти.

Материалды  даярдаган: Жалал-Абад  обкомунун  пресс-катчысы- Махабат  Абдыкадырова