Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугимдердин кесиптик майрамы жогорку деӊгээлде өткөрүлдү

   2017-жылдын 4-октябрында Кадамжай районунда мугалимдердин кесиптик майрамына карата чон иш чара өткөрүлдү.                                             

   Салтанаттуу аземге Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Ж.Исаков, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Гайбуллаев, райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.Момошов, мекеме ишканалардын, айыл өкмөттөрдүн башчылары, мектептердин, бала бакчалардын жетекчилери жана чыгармачыл мугалимдер катышты. Ар бир кесиптин ардактуу устаты болгон мугалимдердин аброюнун бийиктигин эске салып туруучу майрам бул жылы өзгөчө шан-шөкөт менен жогорку уюшкандыкта өткөрүлдү.                                                      

    Салтанаттын жүрүшүндө билим берүү тармагындагы көп жылдык эмгеги, келечек муунга татыктуу тарбия берүүгө кошкон салымдары үчүн бир нече мугалимдер Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук профсоюз комитетинин, айыл өкмөттөрдүн ардак грамоталары жана баалуу сыйлыктары менен сыйланышты. Бул салтанат концерттик программа жана сый тамак менен коштолуп, мугалимдерге майрамдык маанай тартуулады.