Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимге таазим

Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү жана билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун  райондук комитети мугалимдердин кесиптик майрамын 2018-жылдын 6-октябрь күнү «Мугалим-муундардын саяпкери, урпактардын устаты» деген темада  билим берүү кызматкерлеринин катышуусунда майрамдык иш чара өткөрүлдү.

Майрамдык салтанатка райондук мамлекеттик администрация башчысы–аким А.К.Кожошов жана айыл округ башчылары, мекеме жетекчилери  катышып, мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттукташты.                                       

 Алдынкы мугалимдерге КРнын   Билим берүү  жана илим  министрлигинин «Билим берүүнүн  мыктысы»  тѳш  белгиси  менен 10, «Ардак  грамотасы»  менен  13, Областтык мамлекеттик администрациясынын «Ардак грамотасы»  менен 1, райондук мамлекеттик администрациясынын «Ардак грамотасы» менен 20 мугалим, райондук билим берүү бөлүмү «Ардак грамотасы» менен 13 мугалим,  КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин “Профсоюз кыймылынын отличниги”  төш белгиси жана “Ардак грамоталары менен сыйланышты. Мындан сырткары билим берүү жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун облустук, райондук комитетинин   «Ардак грамоталары» жана акчалай сыйлыгы менен 32 мугалим сыйланды.

Айыл округ башчылары өздөрүнө тиешелуу билим берүү уюмдарында иштеген мугалимдерге «Ардак грамота» жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Майрамдык иш чарага №6 Бирдик жана №9 Э.Касымалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин жаш мугалимдер даярдаган концерттик программа тартууланды.

Майрамга келген мугалимдер  майрамдык иш чараны   уюштургандарга терен ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 

Тогуз-Торо райондук профсоюз комитети.