Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдин эмгегинин сереси, окуучу үчүн бышып турат мөмөсү.

Мугалимдин эмгегинин сереси, окуучу үчүн бышып турат мөмөсү.

 

Ноокен районунда жалпы билим берүүчү мектептери үчүн видео-сабактардын “Санариптик педагогика” аталышындагы кароо-сынагынын райондук турунун жеңүүчүлөрү сыйланды.

Замандын улам жаңылануусуна жараша заманбап техниканы окуучулар мыкты өздөштүрүп жатышат. Ага карабастан мугалимдерибиз, айрыкча улуу жаштагы билим берүү саяпкерлери да интернетти тез өздөштүрүп, пайдаланып, жаны инновациялык техника, методика менен сабак өтүп жаткандыктары кубандырат. Буга жеңүүчүлөрдүн катарында олтурган улуу жаштагы мугалимдерибиз далил боло алат.

Кароо-сынак билим берүүнүн мазмуну улам өзгөрүп жаткан учурда педагогдордун алдыңкы иш тажрыйбаларын, билим берүүдө жаңы технологияларды жана методикаларды колдонуу, эффективдүү практикаларды жайылтуу формаларынын бири болуп эсептелет.

Жеңүүчүлөр атайын түзүлгөн комиссия тарабынан аныкталды. Ага ылайык баш байгеге №13 Рахманжан атындагы орто мектебинин информатика мугалими Кубатов Нуралы Акпаралиевич ээ болду.

I орун Исманов Курманбек Нарынбекович - №1 Ж.Бөкөнбаев а.о.м.II орун Саримсакова Адинахан Садиковна - №29 Я.Мирзаходжаев а.о.м.III орун Аширбекова Рахат Рахманбердиевна – Н. Исанов а.ж.г.м.

Калган катышуучулар: Мирзакулова Шахноза Мухтаржановна - №3 Р. Алибаев а.о.м, Сыдыкова Жаңыл Калдарбековна - №15 Семетей а.о.м., Баратова Фатима Кахаровна - №14 Губкин а.о.м., Раимкулова Саламат Алановна - №8 Т. Орозматов а.о.м., Байжигитова Буварахан Маматкаримовна - №6 “Арал” о.м., Кандаралиева Алтынай Абдималиковна - №31 Ж. Татыкулов а.о.м. активдүү катышкандыктары үчүн Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн жана Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитети тарабынан диплом, Ардак грамоталар жана белектер менен сыйланышты.

Ноокен райКБКнын инспектору

Т. Бакиров