Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдин ден соолугу – профсоюз жетекчилеринин көнүл борборунда.

Мугалимдин ден соолугу – профсоюз жетекчилеринин көнүл борборунда.

Бүткүл дүйнөгө келген илдет бардык адамдар, ишкана, мекемелер, кызмат адамдары, ар бир тармактын бардык денгээлдеги жетекчилери үчүн оор сыноо болгодугун башыбыздан өткөрүүдөбүз.

Өзгөчө кырдаал шартында билим берүү жана илим кызматкелеринин профсоюзу тарабынан республикабызда профсоюз мүчөлөрүнө камкордук көрүлүп, берилген жардамдар тууралуу Борбордук Комитеттин сайтынан көрүп профсоюздук лидерлерден ыраазы болуудабыз.

Аталган камкордуктарга биздин башталгыч профсоюздук уюмубуздун мүчөсүнүн ден соолугун бекемдоо максатында Жалал-Абад облустук жана Ноокен райондук комитеттер тарабынан берилген жардамдарды мисал катарында айтсак болот.

Биздин башталгыч профсоюздук уюмубуздун кайрылуусуна чоң маани бергендиги - мугалимдин ден соолугу – профсоюз жетекчилеринин ар дайым көнүл борборунда экендигин далилдейт.

Берилген жардамдар үчүн мектебибиздин администрациясы жана профсоюз уюму Жалал-Абад облустук комитетинин төрагасы Абдукахар Арапович Исмаиловко ыраазычычылык билдирип, профсоюздук ишмердүлүгүүндө ийгиликтер каалайбыз.

Материалды даярдаган: Ноокен районундагы №29 Якубжан Мирзаходжаев атындагы орто мектебинин профсоюз уюмунун төрайымы- Абдурахимова Сурайохан Абдужамаловна.