Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдерге жеңилдетилген кредит

Акыркы мезгилдеги заман талабы болуп жаткан санариптешүү процессинен кыргыз педагогикасынын бардык катмарлары артта калбай, заманбап техникалык каражаттарды колдонууну, интернет түйүнүнөн кеңири маалымат алууну күнүмдүк турмушунда кеңири колдонуп келишет. Жогоруда айтылган процесстерди ишке ашыруу менен, ар бир мугалим чыгармалык изденүү менен сабак өтүүгө дилгирленишет. Шаар жериндеги мугалимдерге заманбап техкаражаттардын жеткиликтүүлүгу жеңилирээк болгону менен, айлы жериндеги мугалимдерге бир топ эле көйгөй жаралып келет. Билим берүү тутумунда, мугалимдердин күнүмдүк план-конспектилерин, деги эле бардык иш кагаздарын электрондук турүндө да, кагаз түрүн да сактоо зарылчылыгы бар. Мугалимдердин алган айлыгы компьютер, принтер, ксерокс каражаттарын сатып алууга жетпейт, айласыздан коммерциялык банктардан жогорку пайыз менен кредит алууга туура келет.

 

Жогоруда көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүү, мугалимдерге бираз да болсо жеңилдик берүү максатында, Тоң райондук профсоюз комитетинин төрагасы Урманбетов Нурлан Асылбекович “Тоң Финанс” Микрокредиттик агенттигинин директору Касымов Мирлан Аттокурович жана бухгалтери Айтпаев Марат менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзуп, мугалимдерге жеңилдетилген, жылдык пайызы 10% ашпаган кредит бөлүп берүү жагы макулдашылды. “Тоң Финанс” Микрокредиттик агенттигинин жетекчилиги районубуздун мугалимдерин колдоого макул экендиктерин билдиришип, жогорку жетекчилигине иш кагаздарды даярдашып, алар менен макулдашууга кайрылуу жиберишти, бүгүнкү күндө жооп күтүүдөбуз.

 

 

Материалды даярдаган: Тоң райондук профсоюз комитетинин төрагасы Урманбетов Н.А.