Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

МУГАЛИМДЕРДИН СПАРТАКИАДАСЫ БАШТАЛДЫ

   Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин Президиумунун 2017-жылдын  3- мартынданы №3/2 токтомунун негизинде

Баткен районунун билим берүү  мекемелеринде   мугалимдердин спартакиадасы башталды. Спартакиада алгач 9 айыл аймактарындагы билим берүү мекмелеринин мугалимдеринин катышуусунда март-апрель айларында  өткөрүлүп, андан жеңип чыккандар май айынын биринчи 10 күндүгүндө Баткен шаарында өткөрүүчү райондук спартакиадада күч сынашат.

  Спартакиадада спортсмендер  волейбол, тогуз коргол жана шахмат боюнча күч сынашып, жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышат. 1-орунду ээлегендер май айынын экинчи 10 күндүгүндө өтө турган облустук спартакиадага катышышат.

  Райондук спартакиаданы өткөрүү үчүн райондук комитеттен __ сом бөлүнгөн. Мындан тышкары жеңүүчүлөрдү сыйлоо үчүн райспорткомитеттен дагы каражат бөлүнөрү күтүлүүдө.