Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

МУГАЛИМДЕРДИН КӨҢҮЛДҮҮ ЭС АЛУУСУ

     Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарынын билим берүү бөлүмү жана профсоюздук комитети  окуучулардын  чейректик каникул күндөрүндө мугалимдердин да  маданияттуу эс алуусу боюнча ар түрдүү иш чараларды уюштурууну салтка айландырган. Мисалы, жыл бою төрт чейрек убагында буга чейин мугалимдер спорт оюндарынын түрлөрү боюнча мектептер арасында өз ара таймаштарды өткөрүшүп эс алышып, ал  мезгил-мезгили менен ар башка мектептин базасында өтүлүү менен кызыктуу болуп келген.

Быйылкы бул спорттук таймаш шаардагы Токтогул атындагы мектеп-гимназиясы менен Фрунзе атындагы №3 -орто мектептин мугалимдеринин ортосунда эстафета болуп,  волейбол оюну да курч маанайда өттү жана мугалимдердин спорттук оюндарга болгон активдүүлүгү жана чеберчилиги менен Токтогул атындагы мектеп-гимназиясынын мугалимдери биринчиликке жетишкен.